Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабахтагы Жабраил шаары Азербайжандын карамагына өткөндүгүн жарыялады. Бул тууралуу президент өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Бүгүн Азербайжан армиясы Жабраил шаарын жана ага жанаш бир катар айылдарды душмандардан бошотту", - деп жазган Алиев.
Мындан тышкары, Азербайжандын Коргоо министрлиги Карабахтагы карапайым армян жарандарын согуш талаасынан алыс болууга чакырган.
Учурда салгылашуу дагы да болсо уланып жатат. Эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.