Япониянын "Kenzo" брендинин негиздөөчүсү Кензо Такада коронавирустан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мода дизайнери Кензо Такада 81 жаш курагында коронавирустан каза болду. Ал 4-октябрда Франциянын Нойли-сюр-Сен ооруканасында көз жумган.
Кензо Такада эркектердин кийим модасы менен алектенет. Ал 1970-жылы "Кензо" брендин негиздеген. Андан тышкары парфюмериялык продукцияны, идиш-аяк аксессуарлар жана үй эмеректеринин жаратуучусу.