"Эр жүрөк жана чечкиндүү кыргыздарга суктанам" деген жазуу интернет тармагына тарады. Анда велосипедге жогорудагы мааниде жазылган сүрөттү чаптап койгон.
Кечээ, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы тарап тынчтык митингин уюштуруп, ал күч түзүмдөрү менен жарандардын кагылышуусуна алып келген. Натыйжада массалык баш аламандык башталып жарадар болгондор бар. 6-октябрь түнкү саат 03:00гө карата "Ала-Тоо" аянтына чогулган эл Ак Үйдү алгандарын жар салышты. Андан кийин митингдин катышуучулары УКМКнын имаратына барып, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди, саясатчы Садыр Жапаровду жана мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду бошотууну талап кылышты. УКМК эл тарапка өткөнүн билдиргенден кийин абактагы Садыр Жапаров, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков жана башкалар бошотулду.
Дүйнө эли Кыргыз өлкөсүндөгү окуяларга көз салууда. Айрымдары кыргыз элинин тайманбастыгына баа беришсе, айрымдары суверендүү мамлекетте бир түндүн ичинде эле бийлик алмашылып кеткенине таң калып жатышканын билдирген.