Орусиялык саясатчы Алексей Навальный кыргыз эли тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Кыргыздар укмушсуңар" деген постун жарыялады.
Кечээ, 5-октябрда Кыргыз өлкөсүндөгү парламенттик шайлоого нааразы болуп, митингге чыккан эл 6-октябрь түнкү саат 03:00гө карата Ак Үйдү алып, бийликти күч менен тартып алгандыгы тууралуу дүйнө эли да кабардар болууда. Ага ар кандай ой-пикирлерин айтышууда.