Кремль Кыргыз өлкөсүндөгү учурдагы кырдаалга тынчсызданат. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаалдын өнүгүшү бизди терең тынчсыздандырат. Кыргыз өлкөсү биздин жакын өнөктөшүбүз. Биз ЕАЭС жана КМШ өлкөлөрүнүн чегинде терең интеграция шарттарында иштешебиз. Ошондуктан, албетте, ал жакта болуп жаткандардын бардыгы биз үчүн абдан маанилүү", - деген Песков.
Мындан тышкары, ал Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаалды башаламан деп атаган.