Сентябрь айында Европа аймагында экономикалык өсүш боюнча эң жогорку чекти көрсөткөн жалгыз өлкө Германия болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга мамлекеттин Европанын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, туризмди эмес, экспортту колдоого алганы себеп болгон.
Европада коронавирус кайрадан күчөп, айрым өлкөлөрдө көңүл ачуучу жайлар, барлар жана ресторандар жабылып жатат. Мындан улам саякаттоо үчүн чектөөлөр киргизилүүдө. Пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн дал ушул тармак эң көп жабыркап, оору көбөйгөн сайын чөгүп баратат.
Франция үчүн бул жеке сектордогу өндүрүштүн кыскарганын билдирет, ал эми Италияда өндүрүш токтоп калган. Дүйнөлүк сооданын өсүшүндө пандемиядан чыгып, экспортко басым жасаган Германия жеңишке жетүүдө.
Экономисттер 2020-жылдын IV кварталында Европа биримдигинин экономикасы кайрадан төмөндөй турганын болжолдошууда.
"Көп нерсе коронавирустун экинчи толкунун канчалык деңгээлде башкара аларыбыздан көз каранды", - деп билдирген экономист Крис Уильямсон.