Америкалык актёр Дуэйн Жонсон Инстаграм катталуучулардын саны боюнча дүйнөдө 3-орунга чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Ага ылайык, азыркы учурда актёрдун Инстаграм баракчасындагы катталуучулардын саны 200 миллионго жетти. Муну менен Жонсон Инстаграм баракчасындагы катталуучулардын саны боюнча дүйнөдө 3-орунга чыкты.
"Мен бул тууралуу бир канча апта мурун гана билдим. Ар дайым чындыкты гана айтыш керек. Менин чындыгымды айтууга мүмкүнчүлүк бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем", - деген Жонсон.
Учурда дүйнө жүзү боюнча Инстаграмда катталуучулары эң көп португалиялык футболчу Криштиану Роналду. Анын баракчасында 238 миллион колдонуучу катталган.
Ал эми экинчиликте америкалык ырчы Ариана Гранде турат. Ага 203 миллион катталуучу катталган.