"Адабий чыгарманын баасы боюнча дүйнөлүк рекорд". Шекспирдин пьесалар жыйнагынын түп нускасы аукциондо 10 миллион долларга сатылды

Уильям Шекспирдин алгачкы басылып чыккан пьесалар жыйнагынын түп нускасы аукционго коюлуп, адабий чыгарманын баасы боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Англиянын улуу акыны жана драматургу Уильям Шекспирдин пьесалар жыйнагынын түп нускасы Нью-Йоркто 10 миллион долларга сатылган. "Биринчи фолиант" деген аталышта сатылган басылма 1623-жылы Шекспирдин көзү өткөндөн кийин 7 жылдан кийин басылып чыккан. Шекспирдин пьесалар жыйнагы жарыкка чыккан учурда драматургдун 36 чыгармасынын 18и биринчи жолу басылып чыккандыгы көрсөтүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан