Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 2 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Ысык-Көл облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3243 учур катталды, алардын ичинен 2992 медкызматкер айыгып чыкты.