Казакстан коронавирус пандемиясынан улам Нур-Султан жана Алматы шаарларын кайрадан жабат

Коңшу Казакстандын өкмөтү 20-21-июнь күндөрү коронавируска байланыштуу кырдаалдын начарлашынан улам бир катар шаарларда карантиндик чектөөлөрдү күчөтөт. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкөдө жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (МАК) конференциялык жыйынында кабыл алынганын жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын курчушун жана Казакстандын бир катар аймактарында коронавирус инфекциясынын көбөйүшүн эске алуу менен комиссия дем алыш күндөрү, тагыраагы 20-21-июнда кошумча чектөө чараларын киргизүүнү чечти.

Мындан улам Казакстандын Нур-Султан, Алматы, Караганда, Шымкент, Павлодар жана Экибастуз шаарларында чектөө чаралары күчөтүлөт.

Кечээ, 17-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө коронавирус инфекциясы коркунучтуу бойдон калып жатканын жана оору өкмөттүн көзөмөлүндө экендигин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ainura220888
2020-06-18 17:15:45
Кыргызстанда кунуно 100кишиден болуп ататго ужас
0
bond02
2020-06-18 19:06:37
Анда жакынкы кундору Россиядан Кыргызстанга машина менен келиш жок экен да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан