Пакистанда адепсиз мазмундагы видеолорго чектөө койбогондугу үчүн TikTok тиркемесинин ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу.
Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат.