Өлкөдө илдет катталгандан бери Бишкек шаары боюнча 20 миңдей тургун коронавируска кабылган

Дүйшөмбү, 19-октябрда Бишкек шаардык мэриянын жана шаардык кызматтык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жумасына бир жолу өткөрүлө турган салттуу пландоо кеңешмесине чогулушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, чогулушта борбордогу эпидемиологиялык кырдаалды талкуулашты. Аны менен бирге шаар тургундары арасында ооруну жуктуруп алгандардын санын көбөйтпөөнүн алдын алуудагы даярдыгын карашты.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев маалымдагандай, шаардык бюджеттен COVID-19га каршы күрөшүүдө 115 миллион сомдон ашуун акча каражаты сарпталган. Ал кызмат чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча так планды түзүү үчүн тапшырма берди.

"Бишкек шаары боюнча 19 миң 30 адам COVID-19 жана пневмония менен жабыркаганы аныкталды. Акыркы суткада 73 учур катталса, ал эми 19 күндүн ичинде 780 оорулуу аныкталган. "Тез жардам" бөлүмүнө 438 адам кайрылган. Анын 359уна чыгуу жасалып, телефон аркылуу 232 шаар тургуну дарыгерден кеңеш алган, 89 бейтап ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен үчөө COVID-19 болсо, 14ү пневмония менен ооруп жатканы маалым болду. Ушул жылдын 10-октябрынан баштап 118 кол-борборунун байланыш кызматынын иштери кайрадан калыбына келтирилген. Учурда ар бир райондо экиден линия иштеп жатат. Акыркы 8 күндүн ичинде 735 чалуулар келип түшкөн, алардын ичинен 421 COVID-19 боюнча кайрылган", - деди биринчи вице-мэр.

Борбордун социалдык саясаты боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын айтымында, эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, 1 миң 450 орундуу 26 күндүзгү стационарлар даяр.

Башкы санитардык дарыгер Кубан Кундашевдин билдирүүсүндө, "эпидемиологдордун эсеби боюнча Бишкек шаарынын жашоочуларынын 50-55 пайызы илдетке кабылган", - деп айткан жыйында.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан