Саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги сунушталды

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өттү. Саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги сунушталды.

Анын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады. "Абдикаримов 30 жылдан бери саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип келет. 2010-жылы саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген", - дейт ал.

Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Алтынай Өмүрбекованы жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан