Коңшу мамлекеттердеги эпидемиологиялык абал кандай?
Маалыматка ылайык, Казакстанда бир суткада 140 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен илдетти жуктуруп алгандардын саны 110 миң 542ге жетти. Анын 105 миң 675и айыгып чыкты.
Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 65 миң 388. Бир суткада 286 адамдан илдет аныкталды. Жалпы 62 миң 615 бейтап илдеттен айыкты.
Тажикстанда өткөн суткада 53 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалпы ооруну жуктуруп алгандардын саны 10 миң 776ны түзөт. Анын 98 миң 89у илдеттен сакайып чыкты.