Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 76 миң 799га жетти. Акыркы бир сутка ичинде аталган өлкөдө 1 миң 646 адамдан илдет аныкталган. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, жаңы катталган 1 миң 646 адамдын 868и вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 778и ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон. Сутка ичинде эң көп бейтаптар Алма-Атада (216) жана Нур-Султан шаарында (236) калгандары башка аймактардан катталган.