Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 16 миң 550 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 320 адам каза болсо, 12 миң 844 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 4312 (айыккандар 3269);
Санкт-Петербург - 721 (айыккандар 403);
Москва облусу - 499 (айыккандар 370);
Нижегород облусунда - 369 (айыккандар 310) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 547 миң 774 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 26 миң 589 адам каза болсо, 1 миллион 158 миң 940 бейтап айыгып чыкты.