"Ухан вирусу": Индияда коронавирус жарым миллиондон ашуун адамга жайылды

Бүгүн, 2-июлга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 10 миллион 662 миң 993 адамга жайылды. Анын ичинен 5 миллион 451 миң 309 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 515 миң 504 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 683 миң 894 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 729 миң 994, каза болгондор - 128 миң 44.

Бразилия 1 миллион 448 миң 753 адам менен экинчи орунда турат. Анда 805 миң 174 бейтабы ооруну жеңсе, 60 миң 632 бейтабы кайтыш болду.

Орусияда 653 миң 479 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Айыккандар - 422 миң 235, каза болгондор - 9 миң 521.

Индияда 585 миң 493 адам бул илдет менен жабыркап, анын 347 миң 979 бейтабы айыккан. Кайтыш болгондор - 17 миң 400.

Ал эми Улуу Британияда 314 миң 992 адамдан илдеттин катталганы аныкталган. Ооруну жеңди делинген жарандар - 1 372, каза болгондор - 43 миң 991.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Genka
2020-07-02 10:23:04
Норма
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан