"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, климаты, элдин чарбачылыгы жөнүндө SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Дастан Жоробеков баяндап берди.

Көпүрө-Базар айылы райондун борборунан 85 чакырым, ал эми облустун борборунан 75 чакырым алыс, деңиз деңгээлинен 1850 метр бийиктикте жайгашкан.
Ар кыл ой менен алпурушуп облустун борборунан 75 чакырымды басып келип айылга кирип келесиң. Карыялардын кебинде ушул айылдын сары талаасы илгери "Айдың-Көл" деген көл болгон дешет.
Айылдын күңгөй бетинде тоо таяна чыгып көз чаптырсаңыз айыл да, сары талаа да кооз көрүнөт. Күн чыгыш тарабы Каракол өрөөнүнө уланган Бакай-Таш чокусу, андан ары Үч-Кошой тоолору менен чектешет. Түштүк-батышында Шумкар-Уя тоосу тосуп, Жоголот бели түндүктөн ийилип курчап турат. Түндүгүндө Киндик-Таш кайгысы өр таяна Көк-Кыя тоолоруна келип кошулуп, Сары-Талаа ойдуңун өз түбүнө чөгөрүп турат. Бул мүмкүн уламыш сөздүр. Бирок Караколдун географиялык масштабы ушундай уламалуу жерде жайгашкан.
Дээрлик 1940-1950-жылдары көчө турмак көзгө саяр чырпык жок айдың талаа эле, бак-дарак өсүп, жер-жемиш деген кимдин оюна келиптир деп калышат.
Айылдын азыркы турпатына карап "өрөөндөгү чакан шаар" деп да айтып калышат. Миңден ашык окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу мектеп, айылдын баш-аягында башталгыч класстар үчүн мектеп. Айыл өкмөтүнүн эки кабаттуу имараты, эки кабат маданият үйү, китепкана, спорттук зал, эки кабат бала бакча, оорукана бирине-бири ансамбль түзүп кичи шаарчаны элестетип турат.
Айылыбыз райондун борборунан алыс, кышкысын суук, негизинен айыл тургундары мал багуу жана жер иштетүү менен алектенишет.