Анын жүрүшүндө, Садыр Жапаровго кадрдык дайындоолор, УКМК тарабынан ишке ашырылган чуулгандуу кармоолор боюнча суроо-жооптор болду. Анда парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн жылдырылышы тууралуу дагы суроо узатылды.
"Ооба, биринчи айткан сөзүм менен кийинки жасаган ишим эки ача чыгып жатканын моюнга алам. Анткени мурдагы конституциялык мыйзам боюнча, эгер шайлоонун жыйынтыгы жокко чыга турган болсо, анда кайра шайлоо 45 күндүн ичинде болот деп жазылган. Ошондо парламенттик шайлоо декабрда өтүшү керек эле. Ал мыйзам күчүндө турганда, мен мыйзам талаасынан чыкпай, бүгүнкү мыйзам менен декабрда шайлоого баралы деп макул болгом. Жаңы парламент келсе конституциялык реформаны жасап, мамлекеттик түзүлүштү оңдойлу деп айткам. Партиялык системдин кесепетинен эл дүрбөлөңгө чыгып 3-революцияны кылды. Мен кайрадан эле эски жол менен кетсек, эл эмне дейт деген ойго келдим дагы депутаттар, төрага, бардык фракциялардын жетекчилери менен анын ичинде Өмүрбек Текебаев менен сүйлөштүм. Алар менен парламенттик шайлоону жылдырып туруп конституциялык реформаларга баралы, башкаруу системди оңдойлу деп макулдаштык. Парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча мыйзам үч окуудан кабыл алынды. Кыскасы, мен мыйзам талаасынан чыккан жокмун", - деди Садыр Жапаров.
Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин жылдырып туруу боюнча мыйзамды кабыл алышкан. Ага президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага чейин, 21-октябрда БШК кайра шайлоонун мөөнөтүн 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген.