Өлкөдө коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны бүгүн, 3-ноябрга карата 60 миң 279га жетти. Түштүк аймактарда илдетти жуктургандардын саны өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги ооругандардын көбөйүп жатканын жарандардын иммунитетинин төмөндүгү менен байланыштырды. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда берилген суроолорго жооп берип жатып билдирди.
"Учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында ооруну жуктургандардын саны өсүүдө, Бишкек шаарында кыйла жогору. Биз калктын иммундук катмарын изилдей баштадык. Анализ алганыбызда вирустун эң аз антителосу Жалал-Абад, Ош облусунун аймактырындагы илдетти жуктуруп алган тургундардан аныкталган", - деди Үсөнбаев.