АКШда өтүп жаткан президенттик шайлоодо учурдагы лидер Дональд Трамп алдыда келе жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шайлоочулардын 50,5 пайызы Трампка, 48,3 пайызы анын оппоненти, демократиялык партиядан талапкер Жо Байденге добуш берди. АКШнын учурдагы президенти мурдагы вице-президенттен 1 миллиондон ашык добуш менен алдыда.
АКШдагы шайлоонун өзгөчөлүгү - бул эки баскычтуу добуш берүү тутуму. Мындан улам, көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер шайлоодо жеңишке жетет деп айтуу дагы оор.
Президенттик шайлоого эки талапкер ат салышууда. Алар: 74 жаштагы учурдагы АКШ лидери Дональд Трамп жана 77 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден.