"Кытайдын Пекин шаарында жумушунан дээрлик бошой албаган күйөөсүнүн көзүнө 300 эркек менен чөп салган аял сот жоопкерчилигине тартылууда", - деп жазышат чет элдик маалымат булактары.
Анда жазылгандай, аталган шаардын Чжан аттуу жашоочусу, 2 баланын энеси 2017-жылдан тартып эле күйөөсү жумушта көп болорун, аялына жетиштүү көңүл бурбаганын айтып нааразы болуп келген. Көп өтпөй ал аты-жөнүн Чжоу Мо деп өзгөртүп, көңүлдү башка эркектерден издей баштаган. Бирок Чжан башка мырзалар менен таанышып, айрымдары менен сүйүү мамилесин кургандан тышкары көбүнөн түрдүү ыкма менен акча да алып жүргөн. Арасында ага ири суммадагы акча каражатын бергендер да бар.
"Чжан мырзалардын көбүнө өзүн жалгыз бой аял, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энеси катары тааныштырып жүргөн. Мындан тышкары ал "батир сатып алып бирок анын акчасын төлөй албай жатам" деген калп жүйөөнү айтып, "боорукерлеринен" акча алып келген. Мындай ыкма менен аял 400 миң юань (дээрлик 5 миллион сом) акча алган", - деп жазылат маалыматта.
Ушул жылдын август айында, тактап айтканда 3 жылдан кийин гана анын алдамчылык жол менен акча алып жүргөн схемасы ачыкка чыккан. Көңүлдөштөрүнүн бири андан шек санап, полицияга кайрылган. Териштирүү, иликтөө иштеринин жүрүшүндө күйөөсү жана аялдын үй-бүлө мүчөлөрү анын бул жоруктарынан такыр кабарлары болгон эместигин айтышкан. Чжан болсо өзүнүн көрсөтмөсүндө акчаларды кайтарып бере албай турганын, ал каражатты кумар онлайн-оюндарга коротуп жибергенин билдирген.
Кытайда мындай кылмыштар үчүн адам 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн жана 40 миң юань (жарым миллионго жакын сом) айып төлөй турганы кошумчаланат маалыматта.