АКШда өтүп жаткан президенттик шайлоого талапкер болгон учурдагы лидер Дональд Трамп шайлоодогу жеңишин майрамдаганы жатат. Бул тууралуу Трамп Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Учурдагы мамлекет башчынын айтымында, ал атаандашы Жо Байденди Огайо, Техас, Флорида, Жоржия, Түндүк Каролина, Пенсильвания, Мичиган жана Висконсин штаттары колдогонуна карабай, шайлоодо жеңишке жетет. Анын айтымында, Жо Байден эми аны кууп жете албайт.
"Чынын айтканда, биз бул шайлоодо жеңишке жеттик. Бизге бул штаттардын бардыгы жеңишке ээ болушунун деле кереги жок", - деген Трамп.
Өз кезегинде АКШ лидери шайлоодо колдогон шайлоочуларына ыразычылыгын билдирген. Учурда штаттардагы добуштарды эсептөө ар кандай убакытты талап кылып, добуштар почта аркылуу жыйынтыкталып жаткандыгына байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы чыга элек.
Президенттик шайлоого эки талапкер ат салышууда. Алар: 74 жаштагы учурдагы АКШ лидери Дональд Трамп жана 77 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден.