Залалдуу шишик дарты менен төрт жылдан ашык күрөшкөн Австралиянын Рус Хант аттуу тургуну каза болор алдында эмоцианалдуу эскерүү жазып, бул жашоодо эмне маанилүү экендигин жазып кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Рус Хантка залалдуу шишик дарты 34 жашында коюлган. Ал каза болорун билгенден кийин жашоону сүйүүнү башкаларга жеткирүү максатында кат жазып калтырган.
"Рак - бул сизди басканга, бийлегенге, ырдаганга, тамак жасаганга, сүйгөнгө, иштегенге, эже болууга, сүйлөшкөн кыз жана дос болууга үйрөтөт. Үй-бүлөңүздү баалап, ага мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Барчу жериңизге бир аз кечигип калсаңыз, кабатыр болбоңуз - аны эч ким деле эстебейт", - деп жазган ал.
Хант оорунун ага берген негизги сабактарын санап кеткен.
"Жардам сураңыз - бул сиздин жашооңузду бир топ жеңилдетет;
Рак сизге үй-бүлө бул - баардыгы экендигин үйрөтөт;
Кимдир бирөөгө жакпаса дагы, өзүңүздүн көйгөйүңүз болбосо, сиз жок деп айтууну үйрөнүңүз;
Мүмкүн болушунча көбүрөөк саякаттаңыз. Менин сиздерге кеңешим", - деп жазган Рус Хант.
Катынын аягында ал жазып жатып көзүнө жаш алганын жана бул сабактарды ооруй электе билбегендиги үчүн өкүнөөрүн белгилеген.