Белгилүү Казак ырчысы Кайрат Нуртастын ата-энеси Инстаграм баракчасын активдүү колдонуп келишет. Алар Тик Ток тиркемесине тартылган кыскача видеосун жарыялап, сынга кабылышты. Бул тууралуу Казак басылмалары жазышууда.
Кайрат Нуртастын жылдыздуу ата-энеси заманга жараша кадам таштап жатышкандай. Апасы Гульзара айымдын Инстаграм баракчасында 2 миллиондон ашык катталуучусу болсо, атасы Нуртас мырзанын жарым миллиондон ашуун катталуучусу бар.
Жубайлар Тик Ток тиркемесине тартылган жаңы видеосун жарыялаган. Анда Кайрат Нуртастын ата-энеси ар түрдүү костюмдар менен чыгышканын көрүүгө болот. Видеодо алар кийимдерин бат-баттан музыканын коштоосунда өзгөртүшөт.
Видеону жарыялаган алар "Биздин биринчи Тик Токту баалап коюңуздар", - деп билдирүү калтырышкан.
Аталган видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Эки ача пикирди жараткан бул видеого биринчи топ суктанган билдирүүлөрүн калтырышса, экинчи жоон топ ушул куракта жеңил желпи нерсе менен алек болгондору үчүн уялуу керектигин айтып чыгышты.