Грузияда өткөн нааразычылык акциясында 27 адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн расмий маалыматына таянуу менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Грузияда Борбордук шайлоо комиссиясына нааразы болгон адамдар митинг өткөрүшкөн. Акциянын катышуучулары полиция кызматынын унаасын чыгымга учураткан. Мындан улам полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.
Грузия оппозициясы 31-августта өткөн шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгышкан. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Тамар Жванияны отставкага кетүүсүн жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен чыгышкан.