Социалдык тармактарда Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Олег Морозов эфир учурунда АКШдагы шайлоону "Киргизация" деп атаган видео жарыяланып, талкууга алынды.
Андагы видеодон "Россия 1" каналында саясатчылар менен серепчилер "АКШдагы шайлоо" деген темада талкуу жүргүзүп жатышканын көрүүгө болот. Анда катышуучулардын бири Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Олег Морозов өз сөзүндө Кыргыз өлкөсү тууралуу сөз кылган.
Буга карата колдонуучулар ар кандай пикирлерди жазышып, айрымдары "Кыргыздар дүйнө жүзүнө таанылып жатат", "Биз жылдыз болдук, муну белгилеш керек", "Кыргыз өлкөсүнөн келдим деп айтсаң баары билет" деген билдирүүлөрдү жазып кубанышса, кээ бири саясатчынын "шайлоо таза өттү" деген сөзүнө нааразы болушкан. "Демек, байкоочулар көп нерсеге көз жумуп койгон" дешкен билдирүү калтыргандардын көбү.