Президенттик шайлоодо демократиялык партиядан талапкер Жо Байденге жеңилип калган АКШнын лидери Дональд Трамптын жеке тик учагы сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Трамптын 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө активдүү колдонуп, сатыкка коюлган "Sikorsky S-76B" аттуу тик учагынын баштапкы баасы 1 миллион 500 миң долларга бааланууда. Тик учак азыркы учурда Нью-Жерси шаарында. Алты кишиге ылайыкташтырылган бул тик учактын ичинде үн өткөрбөй турган система, муздаткыч жана суусундуктар үчүн шкаф бар.
Дональд Трамп бул тик учакты президент болгондон бери колдонгон эмес. Президент болгондон кийин ага аскердик учак берилген.