АКШнын Башкы прокуратурасы шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтейт

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр федералдык прокурорлорго өлкө боюнча президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Тергөө иштери мыйзам бузуулар жөнүндө так жана ишенимдүү айыптоолор болгондо, ошондой эле мүмкүн болгон мыйзам бузуулар штаттагы добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен учурлар катталганда гана иликтөө иштери жүрүшү керек"- деди башкы прокурор.
Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден ишемби күнү өзүнүн президенттик шайлоодо жеңгени тууралуу жарыялаган.
Ал эми Дональд Трамп өз кезегинде шайлоо дагы эле бүтө электигин, сотто өзүнүн жеңишин коргоого ниеттенип жаткандыгын билдирген.
Маалыматка ылайык, учурдагы мамлекет башчынын штабы баштаган сот процесстери ийгиликсиз болгон учурда гана шайлоодо жеңилгенин моюнга алууга даяр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан