Жазылган маалыматка ылайык, 80 жаштагы британиялык Ирис Жонс 35 жаштагы арабиялык Мохаммед Ахмед Ибрихам менен 2019-жылы Фейсбуктан таанышып, романтикалуу сүйлөшүүлөрдү башташкан. Андан кийин британиялык аял Каирге барып, араб жигити менен баш кошкон. 80 жаштагы Ирис Жонс сүйүктүүсү менен болгон "түндү" телешоунун бирине катышканда айтып берген. Анын сүйүү баяны көпчүлүктүн оозуна алынган.
80 жаштагы Ирис Жонс мурунку никеси менен мындан 40 жыл мурун ажырашкан.