Орусиянын Ульяновск шаарынан куралдуу аскерлер жана аскердик техникалар жүктөлгөн онунчу Ил-76 учагы Тоолуу Карабахка учуп кетти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү жасаган.
"Орусиянын тынчтык орнотуучу аскер күчтөрү менен онунчу Ил-76 аскердик-транспорттук учагы Ульяновск аэродромунан учуп кетти. Учактын бортунда тынчтыкты сактоочу бөлүктүн өздүк курамы жана аскер техникалары бар", - деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин Орусиянын, Армениянын жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышууну токтотуу боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы кабарланган. Кабыл алынган келишимдин бир бөлүгүндө Карабахка орусиялык тынчтык күчтөрүн жайгаштыруу болгон.