Түркия президентинин катчысы Карабах Азербайжанга өткөндүгүн жарыялады

Тоолуу Карабах душмандардан толугу менен бошотулду. Бул тууралуу Түркиянын президентинин пресс-катчысы Ибрагим Калын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган.

"Карабах бошотулду. Карабах - бул Азербайжан. Мындан кийин дагы Түркия согуш талаасында жана сүйлөшүү столунда да Азербайжандын жанында болот", - деп жазган Калын.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян буга чейин кабыл алынган келишим ал үчүн өтө оор чечим болгонун белгиледи. Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келишимге кол коюуну Армениянын багынып бериши деп атады. Анын айтымында, келишим Баку үчүн эң пайдалуу. Мындан тышкары, аскерий баскыч аяктап, саясий маселелерге өтүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asel69
2020-11-10 14:45:12
Эки мамлекетке эки башка мамиле кылган Туркия.
-4
KUTUZ87
2020-11-10 15:36:20
Asel69, вечно наалып журоберет экенсинда
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан