"Ухан вирусу": Дүйнөдө 51 миллиондон ашуун жаран илдеттен жабыркады

Бүгүн, 11-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 51 миллион 375 миң 50 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 33 миллион 488 миң 189 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 270 миң 167 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 10 миллион 241 миң 488 болду. 239 миң 618 адам каза болсо, 3 миллион 961 миң 873 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 591 миң 730 адамдан аныкталды. 127 миң 59 адам каза болсо, 7 миллион 963 миң 457 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 699 миң 5 адам вируска кабылган. 162 миң 802 бейтап көз жумса, 5 миллион 183 миң 970 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан