Депутат коронавирус жуктуруп алган прокуратура кызматкеринин абалы тууралуу сурады

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев коронавирус жуктуруп алган прокуратура кызматкеринин абалы тууралуу сурады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура кызматкери дарыланып чыккандыгын билдирди. "Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Коронавирус башталганда кызматкерлердин бардыгына жумушка келбей турууга уруксат бергенбиз. Ал деле жумушка келип, кетип жүргөн экен. Бүгүнкү күндө анын ден соолугу жакшы, дарыланып чыкты. Айлык акысы убагында берилип турду", - дейт Жамшитов.

Депутат эгерде ал коронавирусту иш мөөнөтүндө жуктуруп алган болсо, компенсация берүү маселесин карап коюуну өтүндү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан