Украинанын президенти Зеленский Германиянын канцлери Меркелден коронавируска каршы вакцина сурады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Киевди коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн сурады. Бул тууралуу Украинанын президентинин расмий сайтына маалымат жайгаштырылды.

"Мен коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоону пландаштырууда Украинанын кызыкчылыгын эске
алуу боюнча сизден жардам сурайм" - деп билдирген Зеленский.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Меркел Зеленскийдин тез сакайып кетишин каалаган.

Буга чейин Владимир Зеленский коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ал обочолонууда ишин уланта
берерин айткан.

Маалыматка ылайык, акыркы аптада Украинада ооруну жуктуруп алгандардын саны тездик менен көбөйүүдө. Өлкөдө өзгөчө абал режими ушул жылдын аягына чейин иштейт

Белгилей кетсек, COVID-19га каршы Германия менен Американын компаниялары биргеликте иштеп чыккан
вакцинасы 90 пайыз натыйжалуулугун көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан