Түштүк Африкадан тарыхтагы эң ири аталган бешинчи алмаз ташы табылды

Түштүк Африкадан тарыхтагы эң ири аталган 998 карат болгон алмаз ташы табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Түштүк Африканын Ботсвана өлкөсүнөн табылган алмаз тарыхтагы эң ири деп аталган алмаздын тизмесинде бешинчи орунду ээледи. Салмагы 998 карат болгон ири алмаз ташын Карове кенинде канадалык чакан тоо-кен компаниясы тапкан. Компания буга чейин 2019-жылы Лукара Ботсванада 1 миң 758 караттык алмазды казып алган жана ал тарыхтагы экинчи чоң алмаз ташы катарында эсептелген.

2015-жылы Карове кенинен 1 миң 109 караттык алмаз табылып, ал "Биздин жарык" деп аталган. Кийинчерээк ал 53 миллион долларга сатылган. Ошол эле жылы шахтада салмагы 813 карат бриллиант "Constellation" табылып, ал 63 миллион долларга сатылган.
Тарыхтагы эң чоң алмаз ташы 1905-жылы Түштүк Африкада "Премьер" шахтасында табылган. Салмагы 3,106 каратты түзгөн "Африка жылдызы" деп аталган.

4-табылга 1758 карат, 2019-жылы табылган.

3-табылга 1109 карат, 2015-жылы табылган.

2-табылга 813 карат. 2015-жылы табылган.

1-табылга 3106 карат, 1905-жылы табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gulia90
2020-11-13 04:29:26
Канадалыктар только ар жерден алтын менен бриллиант казып эле байышат окшойт)))
+3
Nuret94
2020-11-13 11:14:16
Ошол шахтанын адресин берип койгулачы
0
bond
2020-11-13 23:13:30
Nuret94,койчу ай өзүнүн жериңде алтын турса эч нерсе кылалбаган Африкада бышырып коюпбу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан