Коңшу Казакстан менен Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашканын казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
"Борбордук Азиядагы кырдаалды талкуулоо учурунда мамлекет башчылары аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетишти. Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт", - деп жазылган билдирүүдө.
Мындан тышкары, президенттер Орусиянын төрагалыгы астында 10-ноябрда өткөн ШКУнун саммитинин жыйынтыгын жогору баалашкан.