Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бел ашуусунда кардын тынбай жаап жолдун тайгактыгынан тыгындарды жоюу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан "Арал" стационардык посттунан бүгүн, 12-ноябрда саат 19:30дан баштап, Бишкек багыты боюнча оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Чектөө тиешелүү мекемелер тарабынан жолдор толугу менен тазаланып бүткөн соң алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан