Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковдун сөөгү туулган айылында жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 13-ноябрда Исаковдун сөөгү кичи мекени Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылына коюлат. Маркум менен коштошуу зыйнаты Ош мамлекеттик университетинде өттү.
Филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков кечээ, 12-ноябрда пневмония дартынан улам мезгилсиз дүйнө салды.