Биз социалдык тармакта

"Бишкек санитардык полигонуна" жетекчиликке дайындалган Динара Кутманова 10 күндөн кийин башка кызматка которулду

Эколог Динара Кутманова Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору болуп дайындалды. Маалыматты SUPER.KG'ге Кутманова өзү тастыктады.

Белгилүү болгондой, эколог кечээ 12-ноябрда аталган агенттиктин эмгек жамаатына тааныштырылган.

Буга чейин Динара Кутманова 2-ноябрда Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасына жетекчи болуп дайындалган. Ал шаардык таштанды полигонундагы көйгөйлөрдү чагылдыруу үчүн, бүгүн, 13-ноябрга журналисттерге пресс тур уюштурган. Таштанды полигонунда өткөн жолугушууга Кутманова бүгүн Бишкек санитардык полигону ишканасынын жетекчиси катары эмес, Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору катары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан