Биз социалдык тармакта

Бишкекте ыктыярдуу медиктер менен ыктыярчылардын штабынын ачылышы болуп өттү

Бүгүн, 13-ноябрь күнү Бишкекте ыктыярдуу медиктер менен ыктыярчылардын штабынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал штабда 20 ыктыярчылык кыймыл, 15 коомдук фонд, кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдар бириккен.
"Бул жер ыктыярчылардын (ыктыярчы-медик, ыктыярчы-айдоочу) гуманитардык жардам көрсөтүү, коомдук суроолорду чечүүдө бирге иштешүү үчүн ачылды. Бир ай аралыгында мэрия жана коомдук фонд, уюм аталган фонддор арасында меморандумга кол коюу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Штаб Ибраимов 100 дарегинде (Киев/Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши) жайгашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан