Бүгүн, 13-ноябрда Ак Үйдүн жанында колуна бензин кармап, өзүн өрттөйм деп коркутуп жаткан жарандын бензинди төгүп салып кетип калганы белгилүү болду.
Анын мындай кадамга барышына борбор калаадан жумуш таппай жаткандыгы себеп болгон. Мындан тышкары, ал Ак Үйдү тезинен оңдогула деп талап кылган.
Буга чейин социалдык тармактарда Ак Үйдүн жанында колуна бензин кармаган жаран өзүн өрттөйм деп коркутуп жаткан видео тараган.