Индонезия мамлекети коомдук жайларда бет кап кийүү эрежесин бузгандарга катаал айып пул салат. Эгерде эрежени бузган жарандар айып пулду төлөй албаса, аларга карата таң калычтуу жазалар колдонулууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө азыр коронавирус күч алып, эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Коронавирус илдетине кабылгандардын саны 448 миңге жетип, ал эми каза болгондор 15 миңден ашты.
"Ушуга байланыштуу эрежелерди жүзөгө ашыруу үчүн өлкө боюнча 340 миңге жакын аскерлер абалды жөнгө салууда. Эрежени бузгандар үчүн спорттук көнүүгүлөрдү, тагыраагы, отжимание жасатып же көчө шыпыруу сыяктуу коомдук жумуштар менен жазаланышат.
Кээ бир эреже бузгандар канализацияларды тазалоого же Күндүн аптабына 30 мүнөт жатууга аргасыз болушат", - деп жазылат маалыматта.