Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик кыргыз тил сынагын берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта мамлекеттик тил сынагы беш субтесттен турганы айтылат.
"Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.