Биз социалдык тармакта

Эльвира Сурабалдиева Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы эки жаңы имараттын ачылышына катышты

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы эки жаңы имараттын клиника-диагностикалык блоктун жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жаңы корпустардын курулушу "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси тарабынан долбоордук-сметалык документтерди, медициналык жана медициналык эмес буюмдарды кошо алып караганда каржыланган. Демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Жаңы ишке берилген мекемелер балдардын ден соолугун чыңдоо максатында жемиштүү иш алып баруусун каалайбыз. Медициналык кызматкерлер жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу адистерден туруп, медициналык тейлөөнү мыкты деңгээлде көрсөтөрүнө ишеним билдирем", - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.

Мындан тышкары вице-премьер-министр балдардын онкогематологиялык имаратынын курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты.

Белгилей кетсек, жаңы имараттардын курулушу 2019-жылдын август айында башталып, толугу менен "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган, анын ичинде долбоордук-сметалык документтер, медициналык жана медициналык эмес жабдуулардын жалпы суммасы 198 миллион 800 миң сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2020-11-13 17:07:51
Ушул эльвира саткынды көрсөм эле күлкүм келет, ушул үчүн эле күйүп бышкан экенда байкуш. Постту берип койсо оозу жабылдыго тиги таз экөөсүнүн)).
0
Nurbany
2020-11-13 18:35:24
Молодец Элвира айым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан