Индияда 15 жашар кыз крокодилдин кол салуусунан улам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Индиянын Гуджарат штатында 15 жаштагы кыз айылынын жанында жайгашкан дарыяга идиш жууп жатканда жырткыч аны суу астына сүйрөп кеткен. Ал учурду көргөн жергиликтүү жарандар кызды аман сактап кала алышкан эмес. Кыздын жансыз денесин бир нече сааттан кийин суудан таап чыгышкан.