Биз социалдык тармакта

"Коопсуз көчө". Ошто Абдыкадыров көчөсү оңдолуп, пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын Рыспай Абдыкадыров көчөсү оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин депутаттары, тийиштүү жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы 715 метр жол оңдолуп, 1430 метр узундуктагы тротуар курулду. Көчөнүн эки тарабына дарактар отургузулуп, унаа токтоочу жайлар да курулган. Коопсуздук үчүн видео камералар орнотулуп, түнкү чырактар коюлду. Мындан тышкары жол четиндеги аллеяга отургучтар жасалып, аялдамалар салынды.
"Кулавтодогу аллеянын уландысы катары Рыспай Абдыкадыров көчөсүн оңдоп, пайдаланууга берип жатабыз. Көчөнүн эки тарабы жашылдандырылып, жолу кеңейтилип, аллея курулду. Көчөнүн эки тарабында замандын талабына жараша карылар, балдар, жаштар үчүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлуу шарттары менен бүткөрүлдү", - деди Сарыбашов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ika8086
2020-11-14 15:42:58
Сактасын суук көздөрдөн,садагам Оштой жеримди...Өкундөй бер,өсө бер.Колдору дарт көрбөсүн кимдер иштеп,көрктөндүргөн болсода үй-булөөсу менен тынч болсун.Ош шаарыбыздан акчаны аябаган элдерди жарык көчө,таза жерде жашасын деп шарт түзгөн мэрге да таазим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан