АКШдагы шайлоо. Дональд Трамп бийликти Жо Байденге берүүдөн баш тартты

Америка кошмо штаттарында 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары расмий түрдө жарыялана элек. Бирок алдын ала маалыматтар боюнча алдыда демократ Жо Байден келе жатат.

Ошол эле маалда АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп айрым штаттарда добуш саноодо эреже бузуулар катталганын айтып, сотко кайрылды. Ал арада Жо Байденди Кытайдын, Түркиянын, Франциянын, Армениянын, Германиянын, Сауд Арабиянын, Сербиянын, Израилдин мамлекет башчылары жеңиши менен куттуктаганга жетишти. Ал эми Орусия расмий жыйынтыкты күтүү тууралуу позициясын билдирди.

Бүгүн, 13-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөнүнө 10 күн болду. Бүгүнкү күнгө карата Пенсильвания штатынын соту учурдагы президент Дональд Трамптын тапшырган доо арызын канааттандырганын жергиликтүү басылмаларга таянуу менен орус маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта Дональд Трамп тарабынан сотко берилген доо арыз өздүгү такталбаган добуш берүүчүлөргө байланыштуу болгону айтылат.

"АКШдагы штаттардын мыйзамы боюнча, добуш берүүчүлөр шайлоо аяктагандан кийин 6 күндүн ичинде жеке маалыматтардын аныктыгын далилдеш керек. Башкача айтканда, бул процесс АКШда 9-ноябрга чейин жүргүзүлүшү шарт.

Бирок Пенсильвания штатынын мамлекеттик катчысы болгон Кэти Баквар бул мөөнөттү 12-ноябрга чейин узартып койгон. Соттордун келтирген жүйөсүндө мамлекеттик катчы мындай ыйгарым укуктарга ээ эмес. Ага карабай Трамптын бир штатта болгон соттук жеңиши шайлоонун жыйынтыгына көп деле таасир бербей тургандыгы айтылууда. Анткени анын расмий санакка кирбей калды деген добуштары анча деле көп санда эмес. Ошол эле маалда демократтар партиясынан талапкер Жо Байден Трамптан 54 миң добушка алдыда келе жатат", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрында өткөн. Добуштардын саны боюнча Жо Байден алдыга чыгып, ал өзүн жеңүүчү деп атаганы менен АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп оппонентинин жеңишин кабыл алган жок. Буга байланыштуу ал 10-ноябрда Мичиган жана Пенсильвания штаттарындагы шайлоонун жыйынтыктарын кабыл албоо тууралуу доо арызы менен сотко кайрылган.

Американын шайлоо системинде эң көп добуш алган талапкер расмий жыйынтыктын эсеби менен утушка ээ болбой калышы мүмкүн. Себеби АКШда акыркы чечимди штаттардын тандоосун билдирген 538 шайлоочу кабыл алат. Учурда 538 шайлоочунун ичинен 279у Жо Байдендин пайдасына добушун берген. Ал эми Дональд Трампта 217 добуш бар. Ошондой эле Түндүк Каролина, Аризона жана Жоржия штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuuman
2020-11-14 07:27:06
Кабыл алабы же жокпу бирок 20/01/2022 Куну тактыны бощотуп берет. Себеби президенттин утушун Эски президент кабыл алыш керек деген шарт жок мыйзамда.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан