Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Ал эми Акин Токталиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.