
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу Жойбелент айылынын тургуну
М.Р бир туугандары менен кеңешип, атасына аш өткөрөбүз деген каражатка эки айылдын ортосун бөлгөн сууга көпүрө салып беришти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
“Жойбелент айылынын жашоочусу М.Р атасына аш өткөрүп, дасторкон салуунун ордуна калк муктаж болгон көпүрөнү салып, эки айылдын бири-бирине каттоосуна ыңгайлуу шарт түзүп берди”, - деди Ала-Буканын имамы Шумкарбек Чыналиев.
Имамдын айтымында ашыкча ысырап кылууну токтотууда райондогу имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин алып барышууда.